Кыргызча айыл чарба жанылыктары Келерки жылы кант кызылчасынын баасы көтөрүлөт

016-жылы республикабызда кант кызылчасынын баасы көтөрүлүп, кант заводдору тарабынан дыйкандардан 1 тоннасы канттуулугуна жараша 3400-3500 сомдон сатылып алынмакчы. Бул тууралуу бүгүн КРнын Айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев “Кайыңды Кант” АКсынын жетекчилигин кабыл алган учурда белгилүү болгондугун министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Министр Т. Бекбоев “Кайыңды Кант” АКсынын жетекчилигине 2016-жылга кызылча өстүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү боюнча сунуштарын айтып, “Премьер министр Темир Сариев тапшырма берип, Чүй облусунун баардык аймактарында кызылча өстүрүүнү колго алууну табыштаган. Учурда Чүй районунун жетекчилиги кызылча өстүрүүгө жерлерин даярдап, дыйкандар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Андан тышкары Талас облусуна да төө буурчакка кошумча кызылча өстүрүүнү колго алыш керек”,- деди.