Кант ш. , Московская к. 8 ( 3132) 55904 meriya.kant@mail.ru

Шаар тарыхы

Кант шаары – 1928-жылы түзүлгөн; шаар макамы 1985-жылы берилген.
Учурда Кант шаарынын курамына Люксембург айыл аймагы  кошулуп, Кант шаарына облустук маанидеги шаар макамы  ыйгарылган.
Кант шаары боюнча жердин аянты 5992 гектарды ээлейт.
Кант шаарынын калкынын саны  статистикалык маалыматтарга ылайык 31217 миң адамды түзөт.
15ден ашык  улуттардын өкүлдөрү   ынтымактуу жашашат.
Кант шаарында 21 социалдык обьект катталган, анын ичинен 7-мектеп, 7-бала бакча бар.Окуучулардын саны 7800, бала бакчалардын тарбиялануучулары  -1548.  Маданият үйлөр-2, балдар билим берүү борбору – 1, спорт мектеп- 1, китепкана – 3, балдар патронаттык адаптация борбору – 2.
Кант шаарындагы негизги өнөр жай ишканалары “КЦЗ” ачык акционердик коому цементти өндүрүү, “Кант ТШП” ЖЧК шиферлерди өндүрүү, “Абдыш-Ата” ЖЧК сусундуктарды өндүрүү, “Кант-Сүт” ЖЧК сүт продукциясынын кайра өндүрүү, мындан тышкары 10  Чарбалардын жана дыйкан чарбалары, 430га жакын иштеп жаткан өнөр жай, кичи  ишканалары бар.

 

© 2024-2024 Кант шаарынын мэриясы. Бардык укуктар корголгон. Сайт үстүндө иштеген ОсОО "НурАдАр"