Кант ш. , Московская к. 8 ( 3132) 55904 meriya.kant@mail.ru

Кант шаарынын жана Ысык-Ата районунун эли менен жолугушуу болуп өттү

КРнын Президенти Садыр Жапаровдун  тапшырмасына ылайык жергиликтүү  калктын көйгөйүн жеринен угуу максатында КРнын Министрлер Кабинетинин
Төрагасынын орун басары Э.Ж. Байсаловдун   Кант шаарынын жана Ысык-Ата районунун эли менен жолугушуусу болуп өттү. 
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.С.Джумагазиев, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары Б.Т. Маатов, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары А.К.Бийбосунов, Кант шаарынын мэри У.Б.Майлибашев, Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Э.А.Омошев,  министрликтердин өкүлдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, мекеме-түзүм жетекчилери катышты.
Элдик жыйында  Кант шаарынын, райондун  тургундары тиешелүү жетекчиликке суроолорун узатышып,  көтөрүлгөн көйгөйлөр боюнча жеринде түшүндүрмөлөр берилди. Ошону менен катар тиешелүү кызматтарга айрым көйгөйлүү маселелерди чечүүнү көзөмөлгө алуу  иши тапшырылды.

© 2024-2024 Кант шаарынын мэриясы. Бардык укуктар корголгон. Сайт үстүндө иштеген ОсОО "НурАдАр"