2023-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча Кант шаарынын мэриясынын ОТЧЕТУ
БЮДЖЕТТИН КИРЕШЕЛЕРИ ЖАНА ЧЫГЫМДАРЫ
Отчеттук мезгил ичинде шаардык бюджетке каражаттын иш жүзүндө келип түшкөнү 277 млн.389,3 миң сом түздү, көрсөтүлгөн план боюнча 109,6%га ашыгы менен аткарылды.
Кирешелердин планын ашыра аткаруу негизинен салыктардын жана төлөмдөрдүн төмөнкү түрлөрүнүн эсебинен камсыз болду:
Транспорттук, энергетикалык жана социалдык инфраструктураны жаңылоо боюнча иштер системалуу түрдө жүргүзүлүүдө
2023-жылдын бюджеттин чыгаша бөлүгү 261 миллион 167 миң 800 сомду түздү. Чыгымдардын негизги бөлүгү негизинен эмгек акы, Социалдык фондго чегерүү, шаардын балансында турган мекемелерге мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө, мектепке чейинки билим берүү уюмдарына тамак-аш сатып алуу сыяктуу корголгон беренелерге жана багып алуу жана адаптациялоо борборлоруна жумшалды
Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн негизги артыкчылыктарынын бири болуп шаардын инфраструктурасын өнүктүрүү – бул жолдорду тейлөө, тротуарларды калыбына келтирүү, көчөлөрдү жарыктандыруу, эс алуу жайларын жакшыртуу болуп саналат
Отчеттук мезгилде төмөнкү иш-чаралар аткарылды
Кант шаарында жайгашкан мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде төмөнкү иштер аткарылды.
Эшиктер, электр автоматтары, аристондор, суу эсептегичтери алмаштырылып, ашкана, жарыктандыруу, оңдоо иштери жана б.у.с иштер аткарылды. Жалпы орто билим берүү мекемесинде футбол жана баскетбол аянтчаларын калыбына келтирүү иштери аяктады. Мектеп аймагын жакшыртуу, брусчатка орнотуу, терезе, жылытуу, жарыктандыруу, даараткана, ондоо иштери, тосмо ж.б.у.с. иштер жүргүзүлдү. Жалпы сумма- 29 864,7 мин сом түздү
А.Тойтоев атындагы маданият үйүнүн суу түтүкчөлөрү алмаштырууга жана жарыктандырууга 597 159 сом жумшалды
2023ж. 1-кварталында 3 даана атайын техника сатылып алынган (МАЗ таштанды ташуучу, МАЗ жүк ташуучу, HYUNDAI үлгүсүндөгү эксковатор)
Инвестиция
Инвестор аркылуу таштанды полигондун жалпы аянты 11,5га 1700м темир тор 425 даана мамысы менен коюлууда. Кант ш. мэриясы тарабынан 250квт трансформатор, 29 мамы, 7 (поперечная опора), шлагбаум, күнү-түнү күзөт кылууга контейнер коюуга 1 484 780 келишим түзүлдү.
2023ж. Кумайык ишканасынын 15 591 723 сомго имараты курулуп ветеринардык клиникасы ачылган, ага кошумча Хюндай үлгүсүндөгү Портер 3 384 370 сомго алынган.
2023-жылы Кумайык ишканасы аркылуу Кант шаарында 881 баш ит (496 ургаачы жана 350 эркек) тукумсуздандырылган жана эмдөөдөн өткөн.
Андан тышкары, Кыргыз-Француз ассоциациясынын тарабынан таштанды таштоочу пункту ачылган.
СОЦИАЛДЫК КОРГОО
Социалдык колдоо үчүн бөлүнгөн каражаттар
Кайрылуулар боюнча материалдык жардам - 74 киши 495,0 миң сом
Көмүр сатып алууга – 58 киши 348,0 миң сом (6,0 миң сомдон)
Жарандардын социалдык жактан аялуу категорияларына материалдык колдоо көрсөтүүгө багытталган каражаттар – 1818,3 миң сом
Жалпы: 2661,3 миң сом
БИЛИМ БЕРҮҮ
Мэрия Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнун 2023-ж 15-августундагы №286 “Манас”,”Семетей”, “Сейтек” уюмдары жөнүндө буйругун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 2-февралындагы “2021-2026-жылдарга инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы”аткаруу максатында өздүк буйрук кабыл алды.
Буйруктун негизинде 2023-2024-окуу жылынан тартып билим берүү мекемелери менен биргеликте “Манас”,”Семетей”, “Сейтек” өспүрүмдөр уюмдарынын жобосунун негизинде милдеттүү түрдө иш алып барылууда.
Кант шаарынын мектептеринде Манас,Семетей, Сейтеке кабыл алуу иш-чаралары өткөрүлдү . Салтанаттуу кырдаалда көк түстөгү галстуктар байланып, төш белгилер тапшырылды. Иш-чаралар майрамдык концерт менен коштолду.
маданият
Жыл сайын 31 август Кыргызстандын Эгемендүүлүк кунүнө карата Кант шаарынын борбордук паркында шаардын тургундарына жана конокторуна салтанаттуу , театралдаштырылган майрамдык ыр бий, спорттук оюндар менен коштоо иш чаралар өткөрүлүүдө
Сергек жашоону пропагандалоо максатында жыл сайын Эгемендүүлүк күнүнө карата Кант шаарынын жана ага жакын жайгашкан айылдардын калктарынын арасында марафон өткөрүлүп келет . Жеңүүчүлөргө жана катышуучуларга кызыктыруучу белектер тапшырылат
Кант ш. мэриясы чет өлкөдөгү бир туугандык шаарлар менен социалдык-экономикалык өнүгүү багытында тыгыз иш алып барууда.
Жеңиш күнүнө карата Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жана ооруктун эмгекчилеринин катышуусунда Жеңиш паркында иш-чаралар өткөрүлгөн. Иш-чара Өлбөс полктун жүрүшү менен башталып.Мындан тышкары Улуу Ата Мекендик согуштун бардык катышуучулары үчүн жоокерлердин ашканасы уюштурулду
спорт
Мэрия спортчуларды колдоо жана дем берүү боюнча көп иштерди жүргүзүп жатат .Кант шаарынын балдар өспүрүмдөр спорт мектебинин паратлет спортчулары эл аралык деңгээлде байгелүү орундарга ээ болууда.
ЖАКШЫРТУУ (БЛАГОУСТРОЙСТВО)